Бугу 04, 2024
Убакыт: 01:56
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

УКМК Чүй облусунда баңгизат алып-сатып жүргөндөрдүн үйүнө тинтүү жүргүздү

23.04.2024 16:24
110
УКМК Чүй облусунда баңгизат алып-сатып жүргөндөрдүн үйүнө тинтүү жүргүздү


Чүй облусунун аймагында баңгизаттарды алып-сатып жүргөн жарандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат Чүй облусунун аймагында баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштүн жүрүшүндө 19-апрелде КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөөгө чейинки иликтөө иштеринин алкагында Чүй облусунун Сокулук, Ысык-Ата, Москва, Аламүдүн райондорунун жана Токмок шаарынын аймагында баңги заттарды алып-сатып жүргөн жарандардын жашаган 19 үйүндө тинтүү иштери жүргүзүлдү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында баңги каражаттарды майда партиялар менен сатуу жана сактоо менен алектенген адамдар аныкталып, алардан баңги каражаттар, брикеттер, психотроптук препараттар, баңги каражаттарды пайдаланууга керектүү каражаттар, белгиленген тартипте катталбаган ок атуучу мылтыктар жана 6 бирдик санындагы мылтыктар, 3 тапанча, ар кандай калибрдеги 100 даана патрондор, 1 млн.сом суммасында накталай акча каражаттары, ошондой эле 90 миң жасалма АКШ доллары табылды.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында К.Б.М., И.у.З., Х.А.А., М. А. аттуу 4 адам кармалып, Юстиция министрлигине караштуу №21 тергөө абагына киргизилди. Ал эми 15 адамга карата баңги каражаттарын сатып алуу, таратуу, ошондой эле пайдалануу фактыларынын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

Учурда баңги затын сатуу менен алектенген адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК баңги заттарды тараткандыгы үчүн мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн