Кулжа 25, 2025
Убакыт: 03:41
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

УКМК кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган кичи футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды

02.12.2024 10:26
186
УКМК кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган кичи футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды


Күн мурун Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнүнө карата уюштурулган кичи-футбол боюнча мелдеш аяктады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Аталган турнирге УКМКнын Борбордук аппаратынын, аймактык башкармалыктардын, ошондой эле КР УКМК Чек ара кызматынын жана УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери жана УКМКнын ардагерлери катышты.

Кичи-футбол боюнча мелдештин жыйынтыгы төмөнкүдөй:

1 – орунду УКМКнын Чүй облусу боюнча башкы башкармалыгы;
2 – орунду УКМКнын Баткен облусу боюнча башкы башкармалыгы;
3 – орунду УКМКнын “Маалымат коопсуздук борбору” мамлекеттик мекемеси;
4 – орунду УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы;
5 – орунду УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы кызматы ээледи.

Турнирдин жалпы жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө кубоктор, грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Мелдештин салтанаттуу жабылуу аземинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, турнирге катышкан жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Төрага спортту өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жогорку натыйжалуулугун камсыз кылуунун өбөлгөсү катары аскер кызматчыларынын дене-тарбия даярдыгынын деңгээлин жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилеп, өздүк курамга тиешелүү тапшырмаларды берди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн