Кулжа 17, 2025
Убакыт: 12:20
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Улан Бакиров Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды

07.08.2020 17:40
1389
Улан Бакиров Кемин районунун Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды


Бүгүн, 7-августта Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү, деп билдирди БШК басма сөз кызматы.


Кемин районунун акиминин 2020-жылдын 15-июлундагы тиешелүү буйругу менен аталган айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Таштанбек Ибраимов өз арызы боюнча кызматтан бошотулган.


БШКнын токтомуна ылайык, 7-августка Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалган. Бир добуштан берилген чечим менен Улан Кундузбаевич Бакиров аталган айыл өкмөттүн башчысы болуп шайланды.


Маалыматта кошумчалангандай, шайлоо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен уюштурулуп өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн