Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улан Ниязбеков Эр-Риядда саудиялык кесиптеши менен жолугушту

06.02.2024 17:22
195
Улан Ниязбеков Эр-Риядда саудиялык кесиптеши менен жолугушту


Бүгүн, ички иштер министри Улан Ниязбеков иш сапары менен Сауд Арабия Падышачылыгына барып, Эр-Рияд шаарында жогорку деңгээлде өтүп жаткан Экинчи Дүйнөлүк коргонуу көргөзмөсүнө катышты.

ИИмден билдиришкендей, 4-8-февралга чейин Эр-Риядда дүйнөнүн 750 өлкөсүнөн 65тен ашык компаниянын коргонуу өнөр жайынын эң алдыңкы курал-жарактарын жана аскердик техникаларын көрсөтүү боюнча дүйнөлүк көргөзмө өтүүдө. Дүйнөлүк коргонуу көргөзмөсү Сауд Арабиянын борбор калаасында 2022-жылдагы дебютунан кийин экинчи жолу өтүп жатат. Быйылкы жылдын темасы "Эртеңки күн үчүн жабдыктар".

Иш сапардын алкагында Улан Ниязбеков Сауд Аравиянын ички иштер министринин орун басары Насер бин Абдель Азиз Аль Дауд менен эки тараптуу жолугушту. Жолугушууга ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Сталбек Рахманов, Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов жана Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгын башчысы Каныбек Абдырахманов катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, мындай достук мамиледеги эки мусулман элдин бири-бирин алдыга карай өнүгүүгө болгон колдоосу жагымдуу көрүнүшкө айланып жаткандыгын айтып, бүгүнкү күндө биздин мамлекеттердин ортосунда соода, экономика, энергетика, саламаттык сактоо, коопсуздук жана туризм сыяктуу маанилүү чөйрөлөрдө кызматташтык активдүү жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле КР Ички иштер министрлиги да коомдук тартипти камсыз кылууда, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бардык күч-аракеттерди көрүп жаткандыгын да белгиледи. Тараптар кылмыштуулуктун ар кандай түрлөрү, анын ичинде чек аралардагы уюшкан кылмыштуулук, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө биргелешкен аракеттердин зарылдыгын баса белгилешти.

"Бүгүнкү күндө баңги каражаттарын өндүрүшүнүн өсүшү, жаңы синтетикалык баңги заттардын пайда болушу чоң көйгөйлөрдү жаратууда. Афганистанда мыйзамсыз өндүрүлүп жаткан опиаттардын түрлөрү Борбордук Азия, анын ичинде Кыргызстан аркылуу да башка мамлекеттерге таралып жаткандыгын жакшы билесиздер. Бул транзиттик жолдорду коргоо кыйын жана кымбат болуп, заманбап каражаттарды, учкучсуз учуучу аппараттарды жана башка заманбап жабдууларды колдонууну талап кылууда. Мунун айтып жатканымдын себеби, Сауд Арабия Падышалыгы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы багытталган ири долбоорлорду ишке ашырууда дүйнөлүк лидерлердин ичинен бай тажрыйбасы бар экендиги бизге өзгөчө маанилүү", - деди Улан Ниязбеков.

Эки тараптын өкүлдөрү кылмыштуулук менен күрөшүүдө заманбап ыкмаларды жана технологияларды киргизүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Тажрыйба алмашуу жана алдыңкы билимдерди берүү кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүүгө жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзүшү керек.

Жолугушуунун жыйынтыгы Кыргызстан менен Сауд Арабия Падышачылыгынын ортосундагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү багытында бирдиктүү иш чаралардын зарылдыгын белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн