Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Улан Ниязбеков Вена шаарында өтүп жаткан баңгизаттар боюнча комиссиянын 67-сессиясына катышууда

15.03.2024 10:55
213
Улан Ниязбеков Вена шаарында өтүп жаткан баңгизаттар боюнча комиссиянын 67-сессиясына катышууда


Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков Австриянын борбору Вена шаарында өтүп жаткан баңгизаттар боюнча комиссиянын 67-сессиясынын жогорку деңгээлдеги сегментинин ишине катышууда.Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.


Иш-чаранын жүрүшүндө баңги коркунучу менен күрөшүүдө эл аралык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн учурдагы абалы жана андан аркы кадамдары талкууланып, синтетикалык баңгизаттардын таралышына каршы турууда Борбордук Азиянын ролу баса белгиленүүдө.

2024-жылы Баңги заттар боюнча Комиссиясы (CND), баңгизатка каршы саясат боюнча бардык эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын баалоо үчүн орто мөөнөттүү текшерүү жүргүзүүдө. Эки күндүк жогорку деңгээлдеги жыйындардан кийин (2024-жылдын 14 жана 15-марты) беш күндүк кезектеги сессия өткөрүлөт.

Кыргызстандын укук коргоо органынын жетекчиси сегменттин катышуучуларын тосуп алып, уюштуруучуларга жогорку деңгээлдеги даярдыктары үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Кыргыз Республикасынын баңги заттарга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамилесин кыскача белгилеп, эл аралык милдеттенмелерди аткаруунун жыйынтыгы менен тааныштырып, ошондой эле 2029-жылга чейин биргелешкен ишмердүүлүктүн жолдорун аныктоо боюнча сунуштарыбызды айта кетейин.


Кыргыз Республикасы негиз болуучу эл аралык конвенцияларда белгиленген ченемдерди аткарууга, алардын негизинде Бириккен Улуттар Уюмунун максаттарына жана принциптерине ылайык контролдонуучу субстанцияларга
суроо-талапты жана сунушту азайтуу боюнча глобалдык, региондук жана улуттук деңгээлдерде чаралардын системасын ишке ашырууга карата өзүнүн чечкиндүүлүгүн билдирет.

Белгилей кетсем, бүгүнкү күндө баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары эл аралык укуктун ченемдерине толук шайкеш келет, ошондой эле профилдик эл аралык институттардын сунуштарын эске алат.

Баңги кырдаалынын татаалдыгына карабастан, биз профилактиканы күчөтүү менен калк арасында баңги заттарды колдонуу динамикасын төмөндөтүүгө жетиштик.

Алсак, акыркы беш жылда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин системасындагы наркологиялык мекемелерге кайрылуулардын саны туруктуу төмөндөө тенденциясына ээ болду»,
- деди Улан Ниязбеков.

Сөзүнүн аягында Кыргызстандын ички иштер министри глобалдык, аймактык жана улуттук деңгээлдеги өз ара аракеттенүү процесстерине көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Белгилей кетсек, иш сапардын алкагында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, Россиянын ИИМи жана ишкерлер чөйрөсү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн