Кулжа 21, 2025
Убакыт: 12:21
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Улукбек Марипов чек арада кыйраган үйлөрдүн курулушу менен таанышты

22.07.2021 15:58
1123
Улукбек Марипов чек арада кыйраган үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын кесепетинен каза болгондордун үй-бүлөсү үчүн курулуп жаткан 36 турак-жайдын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, бул максатта Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында 5 га жер тилкеси бөлүнгөн.


Белгиленгендей, мында 6 сотук жер тилкеси бар 4 бөлмөлүү үйлөр курулат. Алар тийиштүү техника жана эмерек менен камсыздалат, ошондой эле борбордук коммуникацияларды өткөрүү пландаштырылууда.


«Курулуп жаткан үйлөр жаңы жашоонун башаты болсун», - деди Улукбек Марипов.


Белгилесек, турак-жайлардын курулушу 80% бүткөрүлгөн, аларды үстүбүздөгү жылдын 31-августунда пайдаланууга берүү мерчемделген. Мындан тышкары аталган шаарчанын аймагында балдар бакчасын куруу пландаштырылууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн