Бугу 06, 2024
Убакыт: 04:45
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү рекордун жаңылады

23.03.2024 09:47
659
Улуттук банктын алтын валюта резервинин көлөмү рекордун жаңылады

Улуттук банктын алтын валюта (эл аралык) резервинин көлөмү февралдын аягында 3 миллиард 323,8 миллион доллар деп бааланды. Суммасы бир айда 10,3 миллионго өскөн.
Учурдагы көрсөткүч тарыхта рекорддук болуп саналат. Буга чейин эң жогорку чеги январь айынын соңунда 3 миллиард 313,5 миллион доллар болуп катталган.

Улуттук банк интервенцияларды валютанын өзгөрүүсүн текшилөө жана сомдун курсун кармап туруу үчүн жүргүзөт. Бул үчүн алтын-валюта резерви колдонулат. Резервдер ондон ашык валютадан, SDR (атайын карыз алуу укугу — Эл аралык валюта фондунун жасалма резерви) жана алтындан турат. Алардын баасы доллар эквивалентинде жарыяланат.

Белгилей кетсек, Улуттук банк өткөн айда валюта рыногуна 23,5 миллион доллар саткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн