Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Улуттук курама жаңы машыктыруучу менен алгачкы жолу машыгуу өткөрдү

02.06.2023 10:02
693
Улуттук курама жаңы машыктыруучу менен алгачкы жолу машыгуу өткөрдү

Күн мурун Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын окуу-машыгуу жыйыны старт алды.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, бул жыйын СAFA Nations Cup 2023 эл аралык мелдешинин даярдыктын алкагында өтөт.

Башкы машыктыруучу Штефан Таркович курам менен болгон эң алкачкы машыгуусун Кант шаарынын «Спорт Сити» комплексинде өткөрдү.

Таркович 32 оюнчуну жыйынга чакырды:

Дарбазачылар: Эржан Токотаев (ФК «Каспий», Казакстан), Антон Коченков (ФК «Арсенал», Россия), Султан Чомоев жана Артем Прядкин (экөө тең - ФК «Дордой»).

Коргоочулар: Християн Браузман , Айзар Акматов, Кайрат Изаков (баары- ФК «Абдыш-Ата»), Александр Мищенко жана Сүйүнтбек Мамыралиев (экөө тең - ФК «Дордой») Жыргалбек уулу Кайрат (ФК «Аксу», Казакстан), Тамирлан Козубаев (ФК «Истерн», Гонконг), Бекжан Сагынбаев (ФК «Китчи», Гонконг), Азамат Байматов (ФК «Алга»), Валерий Кичин (ФК «Енисей», Россия).

Жарым коргоочулар: Эрбол Атабаев (ФК «Динамо», Махачкала), Одилжон Абдурахманов (ФК «Мактаарал», Казакстан), Турсунали Рустамов (ФК «Дордой»), Николай Давыдов (ФК «Изманинг», Германия), Магамед Узденов жана Рауль Джалилов (экөө тең - ФК «Алга») Атай Жумашев, Фархат Мусабеков, Азим Азаров (баары - ФК «Абдыш-Ата»), Кай Мерк (ФК «Унион Титус- Петанж», Люксембург), Бактыяр Дүйшөбеков (ФК «Мурас Юнайтед»), Гүлжигит Алыкулов .

Чабуулчулар: Эльдар Молдожунусов (ФК «Нефтчи»), Кожо Жоэль («Динамо Самарканд», Өзбекстан), Эрнист Батырканов (ФК «Келантан Юнайтед», Малайзия), Максат Алыгулов жана Антон Землянухин (ФК «Алга»), Мирлан Мурзаев.

КФСнан кошумчалашкандай, чет өлкөлүк клубтарда ойногон оюнчулар курамага кийинчерээк келип кошулушат. Баштапкы кеңейтилген тизмеге кирген Бекназ Алмазбеков бул жыйынга жаракаттан улам кошулган жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн