Бугу 04, 2025
Убакыт: 05:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров 98 жашында дүйнөдөн кайтты

26.12.2024 16:54
316
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров 98 жашында дүйнөдөн кайтты


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаров 98 жашында дүйнө салды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Амантур Токтоназаров 1926-жылы Ак-Кочкор айылында туулган. 1944-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Согуш мезгилинде Литва ССРинин Каунас шаарын жана Польшаны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан. Согуш мезгилиндеги эрдиктери үчүн Кызыл Жылдыз ордени, «Берлинди алганы үчүн» жана «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Согуштан кийин туулуп-өскөн айылына кайтып келип, айыл чарба тармагында эмгектенген. Пенсияга чыкканга чейин «Үлгү» колхозунда, андан кийин мамлекеттик атайын чарбада айдоочу болуп иштеген. 2017-жылы Москва шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган салтанатка катышкан.

«Анын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аларга бул оор учурда сабырдуулук жана күч-кубат каалайбыз», - деп айтылат некрологдо.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн