Теке 27, 2024
Убакыт: 15:56
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Уюштуруучусу кармалды. Бишкекте жашы жете элек кыздар интимдик кызмат көрсөтүп келишкен

02.12.2023 13:21
871
Уюштуруучусу кармалды. Бишкекте жашы жете элек кыздар интимдик кызмат көрсөтүп келишкен


Сойкулукка жана бузукулукка үндөгөн шектүү кармалды, деп билдирди Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.


30-ноябрда «Притон-Бабочка» рейдинин жүрүшүндө Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бөкөнбаев көчөсүндөгү батирде интимдик кызмат көрсөткөн жашы жете элек кыздар – 2007-жылы туулган А.М., 2006-жылы туулган М.С. аныкталган.


Тергөө кызматына сойкукана уюштурууга шектелип 1987-жылы туулган жаран А.К. жеткирилген.


Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) боюнча кылмыш иши козголду.


Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө иштери уланууда.


Милиция интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген адамдар же жерлер тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү телефондорго байланышууну өтүнөт: Whatsapp 0701-700-251, 0312-43-73-75 жана 24 саат бою иштей турган 102 кыска номуру. кепилдик берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн