Бугу 03, 2024
Убакыт: 02:25
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Владимир Путин президенттик шайлоого талапкер катары катталды

29.01.2024 17:16
1809
Владимир Путин президенттик шайлоого талапкер катары катталды


Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы мамлекет башчысы жана өзүн өзү көрсөткөн талапкер Владимир Путинди 2024-жылдын мартында өтө турган президенттик шайлоого талапкер катары каттады. Бул тууралуу Интерфакс билдирди.


Агенттиктин маалыматына караганда, Владимир Путин Орусия Федерациясында алдыдагы президенттик шайлоодо катталган төртүнчү талапкер болуп калды.


Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы ЛДПР партиясынын жетекчиси Леонид Слуцкийди, Мамлекеттик Думанын вице-спикери, «Новые люди» партиясынын мүчөсү Владислав Даванковду жана Мамлекеттик Думанын депутаты (Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын фракциясы) Николай Харитоновду каттаган.


Президенттик шайлоо 2024-жылдын 15-мартынан 17-мартына чейин өтөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн