Бугу 16, 2024
Убакыт: 21:51
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Японияда кар көп жаагандыктан 30дай киши каза болуп, 400 аба каттамы токтотулган

07.01.2021 13:49
652
Японияда кар көп жаагандыктан 30дай киши каза болуп, 400 аба каттамы  токтотулган


Японияда 2020-жылдын декабрь айынын ортосунан бери жааган кар 29 кишинин өмүрүн алды. Мындай маалыматты жергиликтүү  NHK каналы таратты.


Коомдук NHK телеканалынын билдиргенине караганда, өлкөдө үч жумадан бери кар жаап жатат.


Бүгүнкү күндө 400дөн ашуун ички каттамдар токтотулган.


Ямагата регионунда ылдам жүрүүчү поезддер айдын аягына чейин токтотулган.


Өлкөнүн түндүгүндөгү Акита аймагынын Йокоте районуна рекорддук кар жаагандан кийин  коргоо күчтөрүнүн кызматкерлери издөө-куткаруу иштерине жөнөтүлдү.


Япониянын Метеорология агенттиги (JMA) жаңы жылдык майрамдардан кийин өлкөдө кайрадан суук түшкөнүн жана жума аягына калың кар жаай турганын эскертет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн