Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча КР айрым конституциялык мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун жана «Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карап, экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.
Мыйзам долбоору министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.
Конституциялык мыйзам долбоорунун максаты «КР мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамга талдоонун негизинде аныкталган зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү жана аталган конституциялык мыйзамда каралган ченемдерге айрым конституциялык мыйзамдардын ченемдерин шайкеш келтирүү болуп саналат. Ал эми мыйзам долбоору КР мамлекеттик тилин колдонуу чөйрөсүн жөнгө салган айрым мыйзамдарды «КР мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамына шайкеш келтирүүнү көздөйт.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова чет элдик жарандарга виза жана жашоо укугун алуу процессинде мамлекеттик тилди билүү талабы коюлуп жатканына токтолуп, мындай талап дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жок экенин белгиледи. Эл өкүлү Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорлорунда каралган бир катар жоболорго көңүл буруп, мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилди колдонуу, кыргыз тилин үйрөнүү үчүн шарт түзүү жана жарандарга тил мыйзамдарын бузгандыгы үчүн айып салуу нормаларын алып салуу маселелерине токтолду.
Депутат Дастан Бекешев да өз сунуштарын киргизип, жашоо укугун алуу үчүн тест тапшыруу маселеси тууралуу сөз кылып, көптөгөн чет элдик жарандар мамлекеттик тил боюнча тестти тапшыра албашы мүмкүн экенин айтты. Буга президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев мыйзам долбоорлорунда виза алуу үчүн мамлекеттик тилди билүү талабы жок экенин, ал эми Кыргыстанда туруктуу жашоону каалаган чет элдик жарандар үчүн кыргыз тилин баштапкы деңгээлде билүү боюнча тест тапшыруу нормасы каралганын маалымдады.
Өз кезегинде депутат Жылдыз Садырбаева медициналык диагноздорду жана терминдерди мамлекеттик тилге которуу зарылдыгына токтолуп, бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн