Бугу 03, 2024
Убакыт: 10:30
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жакшы жышаан. Лейлекте Ак-Тоок суу сактагычы курулат (Видео)

Лейлек районунда Козу-Баглан дарыясынын Ак-Тоок аймагында суу сактагыч курулат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 25-апрелде Куршабда эл менен болгон жолугушуу учурунда билдирди.


"Лейлекте "Ак-Тоок" деген суу сактагыч курушубуз керек.  Кожент шаары, Гафуров шаары дээрлик баары биздин суудан ичет. Биз сууну агызып коюп, өзүбүздүн талаалар кургап жатат.

Бул маселе боюнча өкмөттүн отуруму өтүп, каражат бөлүндү. Быйыл долбоор даяр болот.

Кудай буюрса, эмки жыл Козу-Баглан дарыясына Ак-Тоок суу сактагычын куруп баштайбыз",- деди Ташиев.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жалилова Гулнара
Камчыбек Кыдыршаевич ишинизге ийгиликтер коштоп журсун