Бүгүн Жалал-Абад шаарынын Масадан айылында №34 "Тунук" бала бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, "Тунук" балдар бакчасы буга чейин №33 Фуркат мектебинин эски имараты болчу. Жергиликтүү бюджеттен 13 млн 371 миң сом акча каражаты жумшалып, имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, имарат 100 орундуу бала бакчага ылайыкташтырылды.
Эске салсак, аталган айылда буга чейин бала бакча болгон эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн