Кулжа 17, 2025
Убакыт: 00:58
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Жалал-Абад шаарында Жаштар аллеясы ачылды

12.05.2025 11:45
305
Жалал-Абад шаарында Жаштар аллеясы ачылды


Жалал-Абад шаарынын Н.Айтматова көчөсү менен Т.Байзаков проспектисинин кесилишинде Жаштар аллеясы ачылды.


Муниципалитеттен билдиришкендей, аллеянын ачылуу аземине шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубеков баштаган депутаттар жана шаар туургундары катышты.


Аллеянын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, ага 14,95 млн сом акча каражаты жумшалды.


Белгилей кетсек, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин аталган аллеянын ордунда жана сел каналдын үстүндө мыйзамсыз курулган соода жайларды, тез татым жайларын буздуруп, шаарга көрк берген заманбап аллея куруу тапшырмасын берген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн