«Манас» эл аралык аэропорту  Жалал-Абад жана Баткен облустарына ички каттамдарды жандандырууну пландаштырып жатат.  Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. 
Маалыматка караганда, Бишкек—Баткен—Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 15-сентябрынан баштап, жумасына бир жолу - шейшемби күнү ишке ашыруу пландалууда.
Бишкек—Жалал-Абад—Бишкек багыты боюнча каттам 2020-жылдын 18-сентябрынан баштап, жумасына бир жолу - жума күнү учат.
Каттамдар "Тез Жет" авиакомпаниясы тарабынан жүргүзүлөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн