Бугу 01, 2024
Убакыт: 00:44
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Жалал-Абадда 61 млн сомго кинотеатр курууга тендер жарыяланды

15.03.2024 10:03
385
Жалал-Абадда 61 млн сомго кинотеатр курууга тендер жарыяланды


Жалал-Абад шаарына кинотеатр куруу пландалууда.

Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди Капиталдык курулуш департаменти жарыялаган.

Белгиленгендей, маданий объектти Спутник кичирайонундагы Тарсус көчөсүндө жайгашкан Нооруз сейил багынын аймагына куруу пландалып жатат.

Объекттин сметалык баасы 61 млн сомду түзөт, конкурстук табыштамаларды 2-апрелге чейин берүү зарыл.

Объекттин курулушун аяктоо 2024-жылдын 31-октябрына белгиленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн