Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 20:02
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Жалал-Абадда диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды

13.03.2024 13:49
309
Жалал-Абадда диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды


Жалал-Абадда фейк аккаунт аркылуу диний экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына таянсак, 30 жаштагы С.М. аттуу жаран облус аймагында өтүп жаткан "Нелегал" операциясынын алкагында кармалган.

"Шаардык соттун далил буюмун алууга уруксат берген токтомунун негизинде шектүүнүн колдонуп жүргөн уюлдук телефону анылып, фейк аккаунт анын телефонуна кошулганы аныкталды", - деп билдиришти облустук милициянын маалымат кызматынан.

Аталган факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө амалдары уланууда.

Облустук милициядан "Нелегал" операциясы 11-марттан 16-мартка чейин уланарын кошумчалашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн