Бугу 05, 2024
Убакыт: 22:42
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда милиция кызматкерлери мамлекеттик тил күнүндө ыр айтышты (видео)

24.09.2020 12:22
1345
Жалал-Абадда милиция кызматкерлери мамлекеттик тил күнүндө ыр айтышты (видео)


Майлуу-Суу ШИИБдин кызматкерлери 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүндө 1-класстын окуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери жаңыдан билим уясын аттаган келечек ээлерин кыргыз тилин сүйүүгө чакырышты. Мамлекеттик тилде эркин сүйлөө жана аны турмушта колдонуу ар бир кыргызстандык үчүн чоң сыймык экендиги белгиленип, эне тилдин келечеги үчүн кам көрүү зарылдыгы айтылды. 


"Ошондой эле окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелери үйрөтүлүп, сабакка барып-келүү учурунда сак болууга чакырышты. Ал эми Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери мамлекеттик тил күнүнө карата ыр айтышты", - деп айтылат маалыматта. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн