Бугу 21, 2024
Убакыт: 01:08
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда мунай зат уурдаганга шектүүлөр кармалды

28.04.2020 19:13
1227
Жалал-Абадда мунай зат уурдаганга шектүүлөр кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда чийки муунай зат уурдаганга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Кызыл-Кыя айылынын 39 жаштагы тургуну Н.З.нын үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн учурда болжол менен 7 тонна мунай зат мыйзамсыз сакталып турганы аныкталган.


Аталган факт 200-берененин (Уурдоо) 2-бөлүмү менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын жүрүшүндө кылмышка шектүү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын тургуну Ю.А. экени аныкталган.


Шектүү мунайды Ноокен районунун Момбеков айылынын тургуну Т.К. Хундай Портер үлгүсүндөгү унаа менен каучук челектерге куюп, "Кыргызнефтегаз" ишканасынан уурдаганын билдирген. Ал эми уурдалган мунай зат боюнча Т.К.нын бир тууган иниси 41 жаштагы Т.Н.нын үйүн тинтүү учурунда күйүүчү май ташуучу чоң автоунаанын 30 тонналык цистернасы менен 5 даана 30 тонналык күйүүчү май ташуучу унаанын чиркегичтери турганы аныкталып, алардын ичинде 30 тонна мунай бар экени аныкталган.


Шектүүлөр 98-берененин негизинде камакка алынып, учурда Ноокен райондук соту тарабынан баш коргоо чаралары каралып жатканы айтылат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн