Кулжа 28, 2025
Убакыт: 00:52
USD
87.20
87.70
EUR
101.80
102.80
RUB
1.111
1.135

Жалал-Абадда сел жүрүп, үйлөрдү каптады (фото)

Жалал-Абадда сел жүрүп, үйлөрдү каптады (фото)

7-майга караган түнү катуу жааган жамгырдан улам  Жалал-Абад шаарындагы мекеме ишканалардын, жеке турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМ кызматы билдирди.


«6-майдан 7-майга караган түнү катуу жааган жамгырдан Сел-Арык каналынын кээ бир жерлеринен суу ашып кетип, шаар ичиндеги айрым мекеме-ишканалардын, турак үйлөрдүн короо жайын суу каптаган.


Учурда жогорудагы суу каптаган даректер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп, мекеме-ишканалардын, үйлөрдүн короолорундагы сууну сордуруу жана кээ бирлерин кайрадан суу каптабаш үчүн бөгөт коюлууда», -деп билдирет ӨКМ кызматынын маалымат катчысы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн