Бугу 19, 2024
Убакыт: 08:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалган маалымат тараткан аял кармалды

09.03.2020 15:29
618
Жалган маалымат тараткан аял кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан телефон аркылуу жарылуучу зат бар деп билдирүү жөнөткөн аял кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 6-март күнү УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө Россиянын элчилигинин консулдук бөлүмүнө жарылуучу зат коюлгандыгы туурасында маалымат келип түшкөн. Ошол замат элчилик коопсуздук кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, кызматкерлер мекемеден чыгарылган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жарылуучу каражат табылган эмес.


Аталган факт боюнча 246-берене менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1974-жылы туулган М.Т.К. аттуу Кыргызстандын жараны кармалган.


Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн