Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалган соцкызматкерлер Бишкек шаарынын тургунунун 640 миң сомун уурдап кетишкен

07.05.2024 12:39
107
Жалган соцкызматкерлер Бишкек шаарынын тургунунун 640 миң сомун уурдап кетишкен


16-апрелде борбор калаанын тургунуна өзүн социалдык кызматкер деп тааныштырган эки аял келген. Эркек аларды батирге киргизип, алар чыгып кеткенде 640 миң сомун таппай калган.


Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы 7-майда билдиргендей, Бишкек шаарынын тургуну социалдык кызматкерлерге эч кандай тиешеси жок ууруларга алданып калган. 17-апрелде жабырлануучу милицияга кайрылып, бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») жана 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголгон.


Борбор калаанын ШИИБдин ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдү кармашкан. Алар 1993-жылы туулган И.Т. жана 1985-жылы туулган А.Г. аттуу жарандар болгон. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Кармалгандардын ушул сыяктуу 8 кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган. Милиция дагы башка фактылар бар экенин жокко чыгарбайт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары кылмышка шектүүлөрдүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 102 кызматына кайрылууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн