Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жалолидин Нурбаев, ЖК депутаты: “Жип ийрүү, кездеме токуу фабрикасын куруу аракеттери жүрүп жатат”

31.10.2023 10:03
1058
Жалолидин Нурбаев, ЖК депутаты: “Жип ийрүү, кездеме токуу фабрикасын куруу аракеттери жүрүп жатат”


- Жалолидин Паязидинович, өткөн жума сиздердин агрардык комитет Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу райондорунда болуп келбедиби. Ал жерде эмне маселелерди карадыңыздыр?


- Ноокат районунда экология, таза суу, саркынды суулар, Араванда суу сактагыч, суу насостору боюнча маселелерди карадык. Араванда 240 орундуу мектептин курулушу менен тааныштык. Биз менен чогуу барган кесиптештер, өкмөт мүчөлөрү 240 орундуу чоң мектеп 21 миллион сомго бүтүп калганына аябай ыраазы болушуп, муну башка райондорго да жайылтсак деген үмүт менен кайтышты. Эл менен жолуккан учурда эң негизги маселе катары өндүрүлгөн продукцияны сатуу, кайра иштетүү көйгөйүн көтөрүштү. Райондогу пахта заводдору чогулган пахта волокнолорун эки жылдан бери сата албай жатышат. 


- Быйыл пахта кандай болуптур?


- Былтыркыдай эмес. Бирок, баасы да начар болууда. Мурда 75-80 сом болсо, азыр 55-60 сомдон. 


- Бул эми рынокко байланыштуу да. Рынокко көз каранды болбош үчүн эмне кылыш керек?


- Төрт ишкана ээлери биригип, азыр жип ийрүү, кездеме токуу фабрикасын куруу боюнча аракеттер жүрүп жатат. 


- Ал кайсы жерге курулат?


- Керме-Тоо айыл өкмөтүнө. 10 гектар жер бөлүнүп, трансформациясы да бүтөйүн деп калды. Заводду кура турган кишилердин баары өзүбүздүн жеке инвесторлор. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн