Бугу 03, 2025
Убакыт: 05:24
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 100 сомго кымбаттады

03.03.2023 11:16
543
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 100 сомго кымбаттады

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоонун акысы жогорулатылды. Бул тууралуу  маалымат жыйында Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.


Анын айтымында, быйыл негизги жана ар бир предметтик тесттин акысы 470 сомду түзөт.


Белгилей кетсек, мурда бул сумма 370 сомду түзгөн.


"Бул сумма жакынкы эки жылга белгиленди. Ага тестирлөө үчүн суроолорду түзүү, жеринде тестирлөө жүргүзүү, администраторлордун иши, тест жана каттоо материалдары, сертификаттарды басып чыгаруу кирет", - деп түшүндүрдү ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн