Бугу 05, 2024
Убакыт: 10:51
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Базарлардагы сапатсыз дарыларга күнү түшүп, оорусу күчөп кеткендер толтура”

05.02.2024 16:31
1282
Жанар Акаев, ЖК депутаты: “Базарлардагы сапатсыз дарыларга күнү түшүп, оорусу күчөп кеткендер толтура”


- Жанар Кубанычович, бизде медицина акысызбы?


- “Толук акысыз” деп эч ким айта албайт. Белгилүү бир өлчөмдөгү дары-дармектер гана акысыз болбосо, башкасын “өзүң алып кел” дейт. Операцияга сөзсүз төлөш керек. Натыйжада, мамлекеттик ооруканаларга пенсионерлер, колунда жоктор гана жатпаса, акчасы барлардын баары жеке менчик ооруканалардын кызматынан пайдаланышат. Мына, мен депутат болуп отурганыма быйыл сегиз жыл болот. Бизге келген кайрылууларды жардамчыларым менен талдап көрсөк, эң көп кайрылуу дары-дармекке, операцияга акча сурагандар, экинчи орунда болсо адилеттик издегендер (милицияга, прокуратурага нааразы болгондор) экен. Айталы, миң кат келсе, ошонун 800ү акча сурап кайрылгандар. Кымбат дарыларга акчалары жок. Гемодиализ өзүнчө көйгөй, “боорумду, бөйрөгүмдү алмаштырам” дегендер арбып кетишти. Оорулуулар ар кандай фонддордон акча сурап эле жүрүшөт. Ырас, жардам бергендер да көп, бирок бир-эки жолудан гана берип койбой, биз мындай жардамды системага айлантышыбыз керек да. Базарларда сатылган сапатсыз дарыларга күнү түшүп, ошолор менен дарыланып, оорусу тескерисинче, күчөп кеткен учурлар толтура. 


- Натыйжада бейтаптар менен дарыгерлердин ортосундагы чыр-чатактар, пикир келишпестиктер да көп болууда. Бул да өзүнчө көйгөйгө айланып бараткан жокпу?


- Чынын айтканда, кээде дарыгерлерден да, бейтаптар тараптан да оройлук кетет. Бирок, мен көп маселеде врачтар тараптамын. Алар эртеден-кечке операция жасаса, адамдарды өлүмдөн куткарса, анан көрүнгөн эле киши барып алып, “эмнеге мага сылык мамиле кылбайсың?” деп доомат койгону туура эмес. Мисалы, улуттук госпиталда “диагнозу начар чыкты” дегени үчүн эле бейтаптын тууганы нөөмөтчү врачты сабап салыптыр. Андайга жол бербешибиз керек. Врачтарыбыз аз айлыкка ыраазы болуп иштеп жатышат. Негизи, баарыбыз эле бири-бирибизге сылык болуп, кагып-силкпей, жылмайып мамиле кылсак жакшы болот эле...  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн