Бугу 05, 2024
Убакыт: 23:20
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жаныбек Абировдун Ленин районундагы шайлоого катышууга моралдык укугу жок, - БШК мүчөсү

28.07.2023 17:04
1104
Жаныбек Абировдун Ленин районундагы шайлоого катышууга моралдык укугу жок, - БШК мүчөсү


Жаныбек Абировдун Ленин районундагы шайлоого катышууга моралдык укугу жок, деп билдирди БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева.


Жумалиеванын айтымында, «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 38-беренесинин 2-пунктунда кайталап шайлоолор өткөн учурда шайлоону жараксыз деп табууга себепкер болгон, аракеттери мыйзам бузуу болуп саналган талапкерлер тарабынан кайра көрсөтүлүшү мүмкүн эместиги белгиленген.


«Абировдун билдирүүсү бош орун пайда болушуна жана бюджеттик акчаны коротуп эки жолу шайлоо өткөрүүгө негиз болгон. Ошондуктан анын шайлоого катышууга моралдык укугу жок. Ал жаңы эле арыз берди. Мен аны каттоого каршы добуш берем”, - деди ал.


Эске салсак, Абиров БШКга арыз менен кайрылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн