Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жараткан Кудайдын сыноосу: коронавирус жана ыдыраган ынтымак тууралуу

18.03.2020 16:18
3381
Жараткан Кудайдын сыноосу: коронавирус жана ыдыраган ынтымак тууралуу


Бул жарыкчылык дүйнө – жалган дүйнө экенин адам баласы жакшы билет. Өмүрдүн көз ирмемчелик эле кыска экени да атам замандан бери айтылып келатат. Дүйнөгө түркүк болгон жан али туула элек. Кылычы менен дүйнөнү багындыргандар да, байлыгы менен баарын башкаргысы келгендер да убакыт-сааты келгенде кара жерди кучактап жатып калары белгилүү. Хансарайда жашагандар да, кепедей үйдө өмүр сүргөндөр да ичер суусу түгөнгөндө эки метр кара көргө барып жатып каларын да баарыбыз билебиз. Ал жактан сүйлөшкөнгө да, сырдашканга да жаныңда эч ким болбойт. Досуң да, касың да жок. Жападан жалгыз кара көрдө жатасың. Жараткан Кудайдын алдында жападан жалгыз сурак бересиң. 


Ошонун баарын билип турсак да, жарыкчылык жашоону түбөлүктөй сезип, байлык менен мансап үчүн жүгүргөнүбүз жүгүргөн. Акыркы убактарда өзүбүздүн Кыргызстаныбыздын кызыкчылыгын акчага айырбаштагысы келгендер да көбөйдү. Элдин ынтымагын ыдыратып, түндүк-түштүккө, аймак-аймакка бөлгөндөр чыкты. «Мен шаардыкмын, маданияттуумун, сен айылдыксың, мырксың» дегендер да пайда болду. Костюм-шым, галстук тагынып алса эле өзүн «Элита» сезгендер жүрөт. Депутаттардын маршрутка менен жүргөнүнө уялып. Кепкасын баса кийип алган олигарх-депутаттар да бар. Кайсы бир саясатчынын кызыкчылыгы үчүн, андан алган акчасы үчүн экинчи тарапты сындагандар да жок эмес. 


Айтор, өз абийирибиздин алдында таза болууну унуттук. «Башкалар билбесе болду да» деп мыйзамсыз иштерди жасап туруп, кайра башкаларга акыл үйрөтүп «таза жүргүлө» дегендер да жүрөт. «Бийликтин адамдары», анан «оппозициянын адамдары», «Сапар Исаковдун адамдары», «Матраимовдун адамдары» деген сыяктуу майда-барат бөлүнүүлөрдү да айта кетели. 


Бир сөз менен айтканда, түрдүү бөлүнүүлөр, абийирсиздик, ар-намыстын жоголушу, алдамчылык сыяктуу көрүнүштөр кадимки эле нормага айлана баштаганы көктөн карап турган Алла Таалага жакпай калган сыяктуу. Адам баласы ашынып бузула баштаганда ар кандай сыноолорун жөнөтүп турат эмес – бул Улуу Зат. Андыктан коронавирустун дүйнө мамлекеттерин убайымга салып, Кыргызстанга да жетип келишин Кудайдын сыноосу деп билишибиз керек. Демек, биз Кудайга жакпай тургандай жашап жатабыз. Андыктан аймак-аймакка бөлүнүүнү, бийлик-оппозиция болуп алып араздашууну, көрбөт деп уурулук, укпайт деп ушак айтканды токтотуп, ынтымакка келели. Ынтымак бар жерде ырыс бар дейт элибиз. Ынтымак кеткен жерден ырыскы да, кут да качат. Кеч болуп калалекте эсибизге келип, ырысыбызды көтөрө билели. Жараткан Кудайдан жалбарып суранып, элибиздин амандыгын, ынтымагын, бакыбат жашоосун тилейли.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн