Бугу 21, 2024
Убакыт: 10:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жардам берсең бер, бирок аны жар салып мактанба!

21.03.2020 13:30
1691
Жардам берсең бер, бирок аны жар салып мактанба!


Кытайдан чыгып, дүйнөгө тарап, бүтүндөй жер бетин каптап жаткан коронавирус Кыргызстанды да жөн калтырбады. Сауд Аравиядагы Умрага барып келген 6 мекендешибизден алгачкы дарт аныкталса, 21-мартта бул оорууну жуктуруп алгандардын саны дагы 6га көбөйдү. Өлкөнүн башкы санитардык врачы Төлө Исаков коронавирус жаңыдан аныкталган 5 адам Сузактан болсо, дагы бири Баткен облусунун тургуну  экенин кабарлады.


Элибизди ушундай апаат каптап жатканда айрымдар дүрбөлөңгө түшүп, ун, даарат кагазын, суу май талашып, кээ бир “кызыл кулактар” азык-түлүктүн баасын кымбаттатып кырдаалды курчутууда. Эң өкүнүчтүүсү арзыбаган кайрымдуулук кылгандардын пиар жасаганы болууда. Маселен, саясатчы Өмүрбек Бабанов 5 миллион сом жардам кылып анысын пиарласа, Камчыбек Ташиев 20 миң беткабын көтөрүп, оператор-журналисттерди ээрчитип оорунун очогунда жүрдү. Ташиевди да карантинге алуу сунушун бергендерди саясатчы каарып алды. Дагы бир-эки бизнесмен арзыбаган тыйынын тынбай жарыялап, өздөрүн байдын кызындай мактатууда.


Ушундай оор кырдаалда берген жардамын коко кылып, анысын пиарлап саясат жасаган туурабы? Албетте жок. Ислам дининде деле “оң колуң бергенди, сол колуң көрбөсүн” деген философиялык мааниси терең сөз бар. Бул “кайрымдуулук жаса, бирок аны алган адам уялып, же башкалардын арасында өзүн ыңгайсыз сезбеши үчүн эч ким билбесин” дегендей эле кеп.


Биздин ишенимдүү булактар кабарлагандай, учурда атын атагысы келбеген бир ишкер коронавируска каршы күрөшүүдө “миңдин бири” катар саналган, баасы 1,2 млн. сом болгон дем алдыруучу аппараттан 12ни чет өлкөдөн алдырып жатыптыр. Бирок ал Ташиев, Бабанов же башкалардай болуп жар салууга каршы экен.  Мындан сырткары Жогорку Кеңештин төбөсү көрүнгөн бир катар депутаттары жогорудагы саясатчыларга караганда көп каражатты жанынан чыгарып, атайын эсепке которууну пландаштырууда. Алар да бул эрдигин пиярлоого каршы.


Кайрымдуулукту, же динде айтылгандай садаканы ушундай жол менен бергенди үйрөнүшүбүз керек. Шайлоо жакындаганда  элге жакшы көрүнүү үчүн арзыбаган тыйынды которо коюп, аны күнү-түнү өзүнө караштуу ЖМКлар менен жарыялап төш кагуу туура эмес. Мындай кыйын кырдаалда бере турганы бар, чөнтөгү калың мекендештерибиз унчукпай эле колун сунса. Анткени “Жеген ооз уялат” дегендей жардам алгандар айтпаса деле шайлоо астында карыздар болуп калат. Калкыбыз кыйын күнгө кептелгенде “какаганга муштаган” кылып аларды да ыңгайсыз абалга калтырбайлы. 


Канатбек Аскаров

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Майрамбек
Туура сөз.садаканы жар салбаш керек.