Теке 21, 2025
Убакыт: 20:56
USD
87.30
87.80
EUR
101.20
102.20
RUB
1.105
1.130

Жайыл районунда жаңы тегирмен комплексинин курулушуна капсула салынды

Жайыл районунда жаңы тегирмен комплексинин курулушуна капсула салынды


Өлкөдө ун өндүрүүчүлөргө жылына 200 миң тоннадан кем эмес буудай өндүрүү тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Жайыл районунда "Орион–Экстра" жаңы тегирмен комплексинин капсуласын салуу учурунда айтты.


Төрөбаевдин айтымында, жылына 200 миң тонна буудайды өндүрүү менен 4-5 айга өзүбүздү жергиликтүү буудай менен камсыз кылабыз.


"Бардык көрүлүп жаткан чаралар буудайдын өздүк наркын төмөндөтүүгө багытталган. Эгерде буудайдын килограммы 15 сомдон сата берип, тармакка көңүл бурбасак биз Казакстан, Россиянын буудайына атаандаштык кыла албайбыз. Ошол себептен ун өндүрүүчүлөр элеттеги дыйкан-фермерлер менен тыгыз иштеп, көйгөйлөрүн жакындан билип, чече турган болсок абал жакшырат. Айыл чарба министрлиги болсо ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул жаатта үрөн тандоо, жердин анализин чыгаруу, механизацияда жана башкаларда колдоолор көрсөтөт", - деди ал.


Расмий маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсы 711,18 млрд сомду түзүп, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 11,7 пайызга жогорулаган. Экономикалык өсүшкө агрардык сектор жана кайра иштетүү өнөр жайы олуттуу салым кошууда. 2025-жылдын январь-июнь айларында эле тамак-аш өнөр жай ишканалары 48 млрд сомдон ашык суммага продукция өндүрүп, физикалык көлөмүнүн индекси 144 пайызды түздү.


Ун тартуу тармагы өзгөчө динамикалуу өнүгүүнү көрсөтүүдө. 2025-жылдын алгачкы беш айында 215 миң тоннадан ашык дан иштетилип, дээрлик 3,9 млрд сомго жетти. Жаңы "Орион-Экстра" тегирмен комбинаты суткасына 250 тоннага чейин дан иштетүүнү камсыздайт, бул иштеп жаткан ишкананын кубаттуулугунан үч эсе көп.


Мелькомбинат негизинен Жайыл жана Панфилов райондорунда өстүрүлгөн ата мекендик данды, ошондой эле импорттук сырьёну колдонот, бул үзгүлтүксүз ишти жана жергиликтүү дыйкандарды колдоону камсыз кыл

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн