Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 22:52
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жээнбек Кулубаев Кыргыз-Оман Ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштады

15.04.2024 11:34
231
Жээнбек Кулубаев Кыргыз-Оман Ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштады


Кыргызстан менен Омандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Саид Альбусаиди эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу “Борбор Азия – Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши” Стратегиялык диалогунун тышкы иштер министрлеринин экинчи жыйынына катышуунун алкагында 14-апрелде Ташкентте өттү.

Тараптар саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн жогорку дараметин, ошондой эле жакынкы убакта бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Министр Жээнбек Кулубаев кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы укуктук-келишим базаны кеңейтүү боюнча ишти активдештирүүнү сунуштады.

Ошондой эле Кыргызстан менен Омандын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда түз байланыш түзүү максатында министр Кулубаев Кыргыз-Оман Ишкерлер кеңешин түзүүнү сунуштады.

КР Тышкы саясат мекемесинин башчысы Жээнбек Кулубаев оман тарапты үстүбүздөгү жылдын июль айында Ысык-Көлдө пландаштырылган Борбор Азия жана Булуңдагы Араб мамлекеттеринин Кызматташтык Кеңеши өлкөлөрүнүн Инвестициялык форумуна жогорку деңгээлде активдүү катышууга чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн