Бугу 03, 2025
Убакыт: 14:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Жээнбеков Мирзиёевге Өзбекстанда суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты

04.05.2020 14:04
1572
Жээнбеков Мирзиёевге Өзбекстанда суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты


Бүгүн, 4-майда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан президентине Өзбекстан Республикасынын “Сардоба” суу сактагычындагы дамбанын жарылып, суу каптаганына байланыштуу колдоо сөздөрүн айтты.

Ошондой эле президенттер коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча мындан ары биргелешкен чараларды жүргүзүү маселелери тууралуу пикир алмашты.

Мамлекет башчылары татаал мезгилде эки өлкө ортосундагы достук жана ак ниет коңшулук мамилелерден улам Кыргызстан менен Өзбекстандын бир тууган эли ар дайым бири-бирине колдоо көрсөтүп келишкендигин өзгөчө белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн