Бугу 01, 2024
Убакыт: 19:37
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Жек Ма Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна 100 миллион медициналык беткап берет

21.04.2020 12:57
998
Жек Ма Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна 100 миллион медициналык беткап берет


Alibaba фонду жана анын негиздөөчүсү Жек Ма Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна 100 миллион медициналык беткап, 1 миллон №95 респиратор жана 1 миллон коронавирусту аныктоочу тест берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, фонд берген каражаттарды бөлүштүрүүдө ДССУ аймактардагы жана өлкөлөрдөгү абалдарды карап муктаждыкка жараша таркатары айтылат.


Мындан сырткары Alibaba фонду жана Жек Ма буга чейин 150 мамлекетке жардам көрсөткөнү айтылат.

 Alibaba Group кытайлык ири интернет-компания болуп саналат, ал электрондук коммерция тармагында 1999-жылдан бери иштеп келет. Аталган мекемеге дагы бир нече интернет компаниялар таандык.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн