Бугу 14, 2024
Убакыт: 20:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жер астындагы кенден 94 кг алтын уурдоого аракет кылган эки адам каза болду

03.07.2023 14:32
828
Жер астындагы кенден 94 кг алтын уурдоого аракет кылган эки адам каза болду


Өзбекстандын Самарканд облусундагы жер астындагы кенден алтын рудасын уурдоого аракет кылган эки адам каза болгонун дүйшөмбү күнү өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди, деп жазып чыкты РИА Новости басылмасы.


"Самарканд облусунун Кушрабат районундагы "Зармитан" жер астындагы шахтада (Навои тоо-металлургия комбинатына таандык) оор жаракаттын изи менен эки жаш жигиттердин сөөгү табылды", - деп билдирген Башкы прокуратуранын өкүлү.


Маалыматка ылайык, каза болгондор шахтага мыйзамсыз киришкен. Алар менен бирге 94 килограммдык алтын рудасы салынган каптар табылган.


Алдын ала маалыматтарга караганда, адамдарды руда ташып бараткан самосвалдардын бири сүзүп кеткен болушу мүмкүн. "Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жана техникалык инспекциянын адистери жөнөтүлдү. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп кошумчалаган басма сөз кызматы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн