Бугу 19, 2024
Убакыт: 13:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жергиликтүү бийлик "Баткенде Тажикстанга мыйзамсыз суу берүүдө" деген маалыматты төгүндөдү

19.06.2021 10:25
1767
Жергиликтүү бийлик "Баткенде Тажикстанга мыйзамсыз суу берүүдө" деген маалыматты төгүндөдү


Баткен районунун Миң-Булак айылында каналды оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук суу чарба башкармалыгын башчысы Мамашарип Бердалиев Turmush басылмасына билдирди.

Маалыматка караганда, 1991-жылындагы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин ортосундагы Ак-Суу дарыясындагы сууну бөлүштүрүү боюнча түзүлгөн келишимдерине ылайык, биринчи октябрдан биринчи апрелге чейин 6 ай толугу менен Ак-Суу дарыясынан үзгүлтүксүз сууну кыргыз тарап пайдаланып, Төрт-Күл суу сактагычына суу куюлат. 1-апрелден баштап 1-июнга чейин сууну Тажикстан менен Өзбекстан пайдаланат. Андан кийин 4 ай 1-октябрга чеийнки аралыкта 3 мамлекет пайдаланып келет. Төрт-Күл суу сактагычына куюучу каналдын Миң-Булак айылында жайгашкан 129-белгисинде тиешелүү кызматтар тарабынан оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары Кыргызстандын Самаркандек айыл аймагынын Орто-Сай жана Паскы-Арык айылдарына Тажикстанды аралап өткөн Кайырма, Жыйноо каналдары жана Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылына келүүчү сугат каналда тазалоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу суугат суу убактылуу токтотулган. Учурда каналдада тазалоо, оңдоп-түздөө иштери соңуна чыгып жатат. Жакынкы 1 сутка ичинде Баткен районунун Паскы-Арык, Орто-Сай жана Достук айылдарына суугат суусу берилет.

Бердалиев суу мыйзамсыз берилип жатат деген кептерди четке кагып, суу берүү маселеси көзөмөлдө экендигин айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн