Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:25
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жергиликтүү кеңештин депутаттары: Мунарбек Сайпидинов жоопко тартылсын

22.11.2020 16:41
755
Жергиликтүү кеңештин депутаттары: Мунарбек Сайпидинов жоопко тартылсын


Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин депутаты Замирбек Султанов жана бир топ айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтү Мунарбек Сайпидиновго жооп иретинде видео кайрылуу жасашты. 


Кайрылууда Замирбек Султанов Сайпидинов койгон дооматтарды четке кагып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жактоочулук кылганы анын укугу экенин айткан.


"Айылдык кеңештин 13 депутаты анын мыйзамсыз жасаган иштери боюнча УКМКга кайрылганбыз. Мунарбек мыйзам чегинде өзүнүн жасаган иштери үчүн жооп бериши керек. Ал жергиликтүү кеңештин депутаттарына басым жасап келген. Өзүнүн маселесин чечүү үчүн депутаттарды коркутуп турган. Өзү туура жүрсө ага эч ким тийишмек эмес", - деди Замирбек Султанов.


Мындан сырткары кайрылууда башка депутаттар да Мунарбек Сайпидиновдун мыйзамсыз иштери боюнча айтып өткөн.


Жергиликтүү кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиевден алардын арызын тыкыр иликтөөнү суранган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн