Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жети-Өгүздүн борборундагы каралбай калган кинотеатр оңдолду (фото)

23.05.2021 10:33
2281
Жети-Өгүздүн борборундагы каралбай калган кинотеатр оңдолду (фото)


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кинотеатр пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну Алмаз Тотубаев билдирди.

Анын айтымында, кинотеатр 2,5 миллион сомго оңдолгон.

«Кинотеатрдын эшиги бекилип, тегереги каралбай тургандыгына абдан тынчсызданат элем. Акыры демилге көтөрүп чыктым. Кинотеатрдын имаратын оңдоп-түзөөгө жалпы 2,5 миллион сом сарпталды. Мында балдар үчүн кино зал жана аттракциондор орнотулуп, эс алууга бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Кызыл-Суу айылында бөбөктөр ойной турган жай жок болчу. 2 күндөн бери балдарын ээрчиткен ата-энелердин каттамы үзүлбөй жатат», - деди А.Тотубаев.


Маалымат үчүн: 1983-жылы курулган бул кинотеатр 1994-жылга чейин иштеп турган


Булак: Turmush

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Эрлан Жылкыбаев
Азамат ишиңерге ийгилик!!!