Бугу 03, 2025
Убакыт: 02:52
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады

25.10.2024 12:52
316
Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады


Бишкектин Жибек Жолу проспектисинде жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Осмонкул көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өттү.

Оңдоо иштеринин алкагында жолдун асфальт катмары жаңыланды, айрым тилкелер кеңейтилди жана жер астындагы суу түтүктөрү бордюрлар алмаштырылды.

Учурда көрктөндүрүү, жол боюндагы электр мамыларын, чубалгыларды иретке келтирүү, жөө адамдар басуучу тилкени оңдоо жумуштары жүрүүдө.

Ошондой эле аялдамаларды оңдоо жумуштары да жүргүзүлөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн