2023-жылдын январь-май айларында бюджеттер аралык трансферттер боюнча Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге 4 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинде:
- Теңдештирүү трансферттер боюнча 1,3 млрд сом каржыланды;
 - Максаттуу трансферттер боюнча - 2,7 млрд сом бөлүндү.
 
Анын ичинен:
- бийик тоолордун оор табигый-климаттык шарттарда жашаган жарандарды мамлекеттик колдоонун эсебинен, электр энергиясын пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүдө 50 пайыз өлчөмүндө компенсация төлөөгө – 98, 2 млн сом бөлүндү;
 - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү үчүн (статисттерге кошумча эмгек акы) – 92,4 млн сом;
 - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө (Мамлекеттик каттоо кызматынын эмгек акысы) – 32,1 млн сом;
 - Бишкек шаары (бирдиктүү салык) - 2,3 млрд сом;
 - Жалал-Абад шаарын өнүктүрүү боюнча - 117, 5 млн сом;
 - Майлуу-Суу шаарынын тургундарын жылуулук менен камсыздоого – 20 млн сом;
 - Чон-Алай айыл өкмөтүнө – 2 млн сом сом;
 - калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгууга– 102, 6 млн сом;
 - облустардагы өкүлчүлүктөрүнө -186,5 млн сом;
 - облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн резервдик фондуна -12,5 млн сом;
 - электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого – 603,9 млн сом;
 - райондук мамлекеттик администрацияларга – 323,7 млн сом;
 - райондук мамлекеттик администрациялардын резервдик фондуна -12,5 млн сом;
 - облустардын өнүктүрүү фонддоруна – 138,2 млн сом;
 - райондорду өнүктүрүү фонддоруна – 97,7 млн сом;
 - Баткен облусуна (өзгөчө статус) – 300 млн сом бөлүндү.
 
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн