Бугу 03, 2025
Убакыт: 17:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.40
99.40
RUB
1.050
1.090

Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитти

14.10.2020 13:39
978
Жогорку Кеңеш Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын бекитти


Бүгүн, 14-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар Садыр Жапаров башында турган  өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекитти. 


Жыйынга 83 депутат катышты, мындан тышкары 8 депутаттын ишеним каты бар. Депутаттар алгач 10-октябрда парламент тарабынан кабыл алынган токтом долбоорун жокко чыгарууга добуш беришти. 


Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы курамын сунуштады. Аны депутаттар бир добуштан колдоп беришти. 


Буга чейин депутаттар 10-октябрда парламенттин кезексиз жыйынында Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка бекитип беришкен. Кийинчерээк кээ бир эл өкүлдөрү жыйында кворум болбогондугун жана премьер-министрдин бекитилиши мыйзамсыз болгонун айтып чыгышкан. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн