Бугу 21, 2024
Убакыт: 07:51
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештерди шайлоону бир күндө өткөрүү сунушталууда

18.06.2020 10:28
1592
Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештерди шайлоону бир күндө өткөрүү сунушталууда


Быйыл республикалык бюджеттен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 560 млн сом, жергиликтүү кеңештерди шайлоолорду өткөрүүгө 56 млн сом каралган. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайылдабекова бүгүн, 18-июнда парламент жыйынында билдирди.


Белгилей кетсек, учурда “КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” конституциялык мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.


Ыйгарым укуктары аяктаган жергиликтүү кеңештер менен Жогорку Кеңешти шайлоону бир күндө өткөрүүнү эл өкүлдөрү Жыргалбек Турускулов, Марлен Маматалиев жана Нурбек Сыдыгалиев сунуш кылды.


Шайылдабекова депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдиргендей, эгерде Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештерди шайлоону бир күндө өткөрсө акча каражатына экономия болушу мүмкүн. Бирок адегенде шайлоо прцесстеринин башка маанилүү жагдайлары эске алынышы керек.


Апрель айына дайындалган шайлоо өзгөчө абалдын киргизилишине байланыштуу токтотулган. Азыркы эпидемиологиялык абалды анализдеп, өкмөттүн сунуштарын эске алып, эгерде жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүчү тобокелчиликтер жаралса шайлоону бир күндө өткөрүү жагын караштырса болот”, - деди төрайым.


Шайылдабекованын айтымында, өзгөчө абал шартында добуш берүүнү өткөрүү жөнүндөгү мыйзамдарда эки башка шайлоону бир күндө өткөрүү тууралуу нормалар жок. “Бирок бүгүнкү абалды эске алып, тийиштүү нормалар менен айрым маселелерди мыйзамга ылайык келтирсек болот”, - деп кошумчалады БКШ төрайымы.

 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Назира
Бюджетти экономдоп бир эле күндө өткөргөн жакшы. Деги сарамжалдуулукту качан үйрөнөбүз?