Жетинин айы 01, 2024
Убакыт: 06:37
USD
85.65
86.15
EUR
92.40
93.40
RUB
0.875
0.915

Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованы шайлады

01.04.2020 19:18
1248
Жогорку Кеңеш вице-премьер-министрликке Аида Исмаилованы шайлады


Жогорку Кеңеш бүгүн, 1-апрелде кезексиз жыйынында өкмөттүн социалдык сектор боюнча вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Исмаилова Аида Жекшенбаевнанын талапкерлигин жактырды.


Анын талапкерлигин депутаттардын кароосуна өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев алып чыгып, Жогорку Кеңештин 6-чакырылышындагы депутаты болуп иштеп жаткан бул талапкердин өмүр баяны менен тааныштырды.


Премьер-министрдин айтымында, А.Исмаилованын бул тармакта эмгек жолун улантууга тажрыйбасы жетиштүү. Депутаттык ишмердүүлүгүн да мыкты алып барып жүрдү, өкмөт мүчөсү катары да татыктуу иш алып барат, деген ишеничин айтты.  


А.Исмаилованын айтуусунда, бул күтүүсүз сунуш болду. “Ушундай кырдаалда чечим кабыл алдым. Социалдык маселелер боюнча комитетте иштеген 5 жылдык тажрыйбамды жумшайм”, - деди ал.


Эскерте кетсек, бүгүн, 1-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтарынан бошотулган. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн