Бугу 02, 2025
Убакыт: 14:07
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Жогорку сот экс-мэр Мелис Мырзакматовду актады

20.10.2020 16:12
778
Жогорку сот экс-мэр Мелис Мырзакматовду актады

Жогорку сот Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун өкүмдөрүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Маалыматка караганда, мындай чечим 16-октябрда кабыл алынды. 

«19-октябрда Жогорку сотто М.Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 15-октябрындагы жана Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы өкүмдөрүнө карата Ош шаардык прокуратурасы тарабынан келтирилген кассациялык сунуштун негизинде жазык иши каралды.

Жогорку соттун токтому менен М.Мырзакматов жөнүндөгү Ош шаардык сотунун 2020-жылдын 15-октябрындагы жана Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2020-жылдын 16-октябрындагы өкүмдөрү күчүндө калтырылды. Ош шаардык прокуратурасынын кассациялык сунушу канааттандыруусуз калтырылды», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин маалымдалгандай, Жогорку соттун коллегиясы Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун иши боюнча соттун чечимдерин жокко чыгарган.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн