Кулжа 16, 2025
Убакыт: 17:39
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Жогорку соттун чечими менен Сапар Исаковдун иши кайрадан жанданды

19.05.2025 11:59
130
Жогорку соттун чечими менен Сапар Исаковдун иши кайрадан жанданды


Жогорку соттун 2025-жылдын 29-апрелиндеги чечими менен жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу КР башкы прокурору жана жактоочунун Сапар Исаковго карата кылмыш иши боюнча өндүрүштү кайра баштоо жөнүндө өтүнүчү канааттандырылды.


Соттон билдиришкендей, Сапар Исаковго карата Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2019-жылы 6-декабрдагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2020-жылы 23-марттагы өкүмү, Жогорку соттун 2020-жылы 22-июндагы жана 2021-жылы 2-марттары токтомдору жокко чыгарылып, кылмыш иши башка соттук курам менен Бишкектин Свердлов райондук сотуна жаңыдан кароого жөнөтүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн