Тогуздун айы 27, 2025
Убакыт: 03:34
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.110

Жол убактылуу жабылат. Боом капчыгайында кооптуу аймактарда таш кулатылат

24.09.2021 12:56
2540
Жол убактылуу жабылат. Боом капчыгайында кооптуу аймактарда  таш кулатылат

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында (темир жолдун 3901-чакырымы) кооптуулук жараткан таштар атайылап кулатылат. Бул туурасында "Кыргыз темир жолу" ишканасы кабарлады.


Тагыраак айтканда, Боом капчыгайында 27-сентябрдан 1-октябрга чейин кооптуу тилкеде автоунаалардын жана поезддин каттамына чектөө киргизилет.


Аталган иштер күндүзгү саат 9:00дөн 15:00гө чейин жасалып, унаа жолу жарым-жартылай жабылат. 30-40тан ашуун автотранспорт топтолуп калса иштер токтотулуп, жол ачылары белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн