Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жума күнү Москва шаарындагы бардык мечиттерде Россияда жол кырсыгынан каза болгон мекендештерибизге багышталып Куран окулат

25.08.2022 08:46
789
Жума күнү Москва шаарындагы бардык мечиттерде Россияда жол кырсыгынан каза болгон мекендештерибизге багышталып Куран окулат

26-август, улуу жума күнү Москва шаарындагы бардык мечиттерде Россиядагы жол кырсыгынан каза болгон Кыргызстандык мекендештерибиздин рухтарына багышталып Куран окулат. Бул тууралуу КМДБнын басма сөз кызматы билдирди.


Үстүбүздөгү жылдын 26-август, улуу жума күнү Москва шаарындагы бардык мечиттерде Ульяновск облусунун Николаевск районундагы Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 “Урал” автожолунда болгон жол кырсыгынан каза болгон Кыргызстандык мекендештерибиздин рухтарына багышталып Куран окулат. Мындай чечим Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалы жана КМДБнын Россия Федерациясындагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиевдин сунушунун негизинде Россия Муфтийлер Кеңешинин жана Россия мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын төрагасы, Муфтий шейх Равиль Гайнутдин жана Москва шаарынын муфтийи Ильдар Аляутдинов тарабынан кабыл алынды.  


Эскертүү: Жол кырсыгынан көз жумган мекендештерге Куран окуу 26-август күнү жума намазынан кийин Москва шаарындагы бардык мечиттерде башталат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн