Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жумгалдын Чаек айылында дагы сел жүрдү (фото)

29.07.2020 08:39
1441
Жумгалдын Чаек айылында дагы сел жүрдү (фото)


Нарын облусунун Жумгал районунда жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Чаек айыл аймагынын Май-Кокту, Кашка-Терек тилкесиндеги коктулардан келген сел суулары Күчүк-Арык каналына суу батпай ашып, Э.Сапарбеков көчөсүндө жайгашкан 31 турак үйлөрдүн короолорун, 6 турак үйдүн жер төлөөлөрүн жана 2 социалдык объектини суу каптаган.


Жерине ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынан ыкчам топ, Жумгал райондук №43 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 20 куткаруучу, №24 ЖТИден 1 жүктөгүч, айыл аймактан экскаватор, суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч жана 15 кызматкер тазалоо иштерине тартылып, ички чарбалык унаа жолдорду, 4 турак үйдүн короолорун жана көпүрөөлөрдүн алдын кум-шагылдан тазалашкан.


Бүгүн, 29-июль күнү тазалоо иш-чаралары улантылат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн