Зардалы айылынын тургундарына президенттин атынан тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Заманбап, толук жабдылган тез жардам унаасын облус башчысы Айбек Шаменов тапшырды.
Облус башчысы менен бирге анын орун басары Абдирашит Ташбалтаев жана Баткен районунун акими Данил Иманалиевдер да барып, элдин турмуш шартынан кабар алышты.
Жетекчилер Зардалы айылына баруучу жаңы жолдун курулушун да көрүштү. Учурда узундугу 17 чакырым болгон жолду жардыруу, кеңейтүү иштери кызуу жүрүүдө.
Ошондой эле алар айыл эли менен жолугушуу өткөрүп, алардын социалдык муктаждыктарын жеңилдетүү, туризмди өнүктүрүү маселелерин ортого салышты.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында, өзгөчө алыскы айылдарга мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда.
Эске салсак, өткөн жылы айылга өлкө башчысы келип кеткен, андан соң айылга электр энергиясы жана уюлдук байланыш жеткирилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн