Теке 27, 2024
Убакыт: 16:28
USD
83.60
84.50
EUR
90.60
91.60
RUB
0.960
0.995

Зыяндын ордун толтурат. Кырсыкка кабылган автобустун айдоочусу жумуштан алынды

28.11.2023 16:07
384
Зыяндын ордун толтурат. Кырсыкка кабылган автобустун айдоочусу жумуштан алынды


Жол кырсыгына кабылган №48 автобустун айдоочусу иштен алынды. Бул тууралуу “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынан” билдиришти.


Белгилей кетсек, кырсык 15-ноябрда Чыгыш автобекетинин жанында болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, автобустун айдоочусу чыгышты көздөй бара жатып, автобекетке жете электе рулду башкара албай, жолдон чыгып, бакты сүзгөн.


Кырсыктан 9 адам жабыркап, бардыгы амбулатордук шартта дарыланууда. Автобустун айдоочусу өзү да жаракат алган.


Ошондой эле айдоочу К.К. кырсыктын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурат - экспертизадан өткөндөн кийин унааны калыбына келтирет, анда акыркы сумма жарыяланат.


Мындан сырткары ишкананын бардык айдоочуларына жол эрежесин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.


Мэрия айдоочуларга талаптар күчөп жатканын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн